12-марттан баштап өлкөдө медициналык мекемелерди жана коомдук транспортторду эске албаганда милдеттүү түрдө бет кап тагынуу жокко чыгарылган. Бет кап тагынуу эрежеси түзөтүү мекемелеринде да сакталарын ЖАМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен бет кап тагынуу режимин жана мекемелерге барганда, милдеттүү ПЦРди тапшыруу боюнча өзгөртүүлөр киргизилген жок. Бул аракет коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууга багытталат", - дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, саламаттыкты сактоо мекемелеринде (мамлекеттик, муниципалдык жана менчик) жана коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто бет каптарды милдеттүү түрдө тагынуу нормасын сактоо зарыл.
Бүгүнкү күндө колдонуудагы алгоритмге жана бет каптарды милдеттүү түрдө кийүүнү жокко чыгарууну караган көрсөтмөлөргө эч кандай өзгөртүүлөр киргизилген эмес.