Бишкектин вице-мэри мектеп окуучулары үчүн жол киренин баасын төмөндөтүү маселеси каралып жатканын айтты

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев мектеп окуучулары үчүн жол киренин баасын төмөндөтүүнү сунуштады.

"Бишкек шаарынын мэри алмашып кетти. Мурунку мэр менен жаңы автобустар келсе, мектеп окуучуларына жол киренин баасын түшүрөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Дагы мектеп окуучулары үчүн автобустарды жүргүзөлү дегенбиз. Бул боюнча кандай жумуштар жүрүп жатат?", - деп сурады депутат.

Вице-мэр Максатбек Сазыкулов: "Жаңы автобустар келсе, мектеп окуучулары үчүн өзүнчө автобус жүргүзөбүз. Ал эми жол акы боюнча маселе каралат. Шаардык кеңеш менен бул ишти алып барып жатабыз", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан