Улуттук госпиталдын Урология борбору да бөлүмгө айланды

Мындан ары Урология илимий борбору Улуттук госпиталдын бөлүмү болуп калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Улуттук онкология жана гематология борборунун алдындагы Маммология борбору, Чүй облустук бириккен ооруканасынын алдындагы Реконструктивдүү хирургия борбору жана Улуттук госпиталдын алдындагы Урология илимий борбору өз ишин токтотту.

"Бул чечим жогорку уюмдардын алкагында борборлорду уюштуруунун максатка ылайыксыздыгынан улам кабыл алынды. Аталган борборлордун ишинин токтотулушу медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына таасирин тийгизбейт, анткени алардын баары тиешелүү бөлүмдөргө айландырылып, кадимки режимде иштеп жатышат", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан