"Борбору Семей". Коңшу Казакстанда дагы бир жаңы облус пайда болот

Борбору Семей шаары болгон Казакстанда жаңы Абай облусу пайда болот. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуусунда билдиргенин казак басылмалары жазышты.

"Семей аймагына жаңы Абай облусун түзүүнү сунуштайм. Семей шаары жаңы облустун борборуна айланат. Бул тууралуу облустун тургундары көптөн бери айтып келишкенин билем. Азыр көптөгөн көйгөйлөр бар. Маселен, аймактын ички инфраструктурасы абдан эскирген”, - деген Токаев.

Семипалатинск облусу Казакстанда 1997-жылга чейин болуп, андан кийин аталган аймак Чыгыш Казакстан облусуна кошулган. 25 жылдан бери аймактын тургундары орун алган көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бере турган аймакты калыбына келтирүүнү талап кылып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан