ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө макулдашууга кол коюлду
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев
2012-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган «2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн
жана каражаттарын түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо
тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.