Жалал-Абадда 74 турак үйдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 15-март күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам кокту-колоттон чогулган суулар Жаңы-Базар, Курулуш, Кара-Ой айылдарындагы 74 турак үйдүн короолорун каптаган. Анын ичинен 1 турак үйгө суу кирип, 11 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралган.
Аталган жайга 5 куткаруучу жана жарандык коргонуу кызматтарынан 74 адам тартылып, суулардын нугу бурулуп, атайын техниканын жардамы менен короого толгон суулар сордурулган.
Бүгүн суулардын нугун буруу иштери уланууда.