Элеттик келиндерге иш ордун түзүп баштаган ишкер келин: "Чечилбеген имараттын айынан цех ачуу долбоорунан кур калдым"

SUPER.KG порталы аймактарда ишкерлердин бейнесин, алар туш болгон кыйынчылыктар, алдыга койгон максатттары тууралуу айтып берүүнү улантабыз. Бул жолку каарманыбыз Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургуну Наргиза Уржанова болмокчу.

Жаш ишкер Уржанова элеттеги кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылуу аракетин көрүп, ал туш болгон кыйынчылыктары, изги максаттары тууралуу айтып берди.

Негизи өзүм бош отура албайм...

- Таенемдин колунда чоңойгондуктан кол өнөрчүлүккө жакын өстүм. 9-классты аяктаган соң колледжге тапшырып, Бөкөнбаевден жер которгонубузга байланыштуу диплом дагы ала албай калдым. Бишкекке барып, ар кандай жумуштарда: идиш жууп, швеяда тигүүчү болуп иштедим. Ошентип жолдошум менен таанышып, турмуш курдук. Ал учурда швеяда иштеп жүрдүм. Кийинчерээк балдар менен үйдө болуп калдым. Негизи өзүм бош отура албайм. Ошол учурда деле үйдө түймө түйүп, аларды сатчумун. Курактын түрүн жасадым.

Наргиза Уржанова 33 жашта. 2019-жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет.

Алгачкы маянаны 3 айдан кийин алдым...

- 2015-жылы айылга көчүп келдик. 4 балам бар. Биздин айылда ФАП, айыл өкмөтү, мектепте гана иш бар. Башка жумуш жок. Айылда жууркан, төшөк, кийимди кичирейтүү сыяктуу жумуштарды жасап жүрдүм. Андан соң кыздын себин кошо баштадым.

Караколго дагы барып иштеп жүрдүм. Ошол учурда барып, келип иштегенде кыйынчылыктар жаралчу. Айылда 2 маал гана маршрут каттайт. Кийин кыздар менен "Ысык-Көл бред" деген ишканага катталып койгом. Алар чакырып, 2 айдай кийизден сувенирлерди жасаганды үйрөтүштү. 3 ай болуп калганда 1 500 сом биринчи жолу маяна алдым. Ал жактан көп нерсени үйрөндүм. Кийин сувенирлерди үйгө алып келип жасай баштадым. Аларды жасап бүткөн соң ишканага тапшырып, маянамды алчумун. Аябай иштеп, көп сувенир жасаган кезде 20 миң сомдон көп акча алган учурлар болот.

20дай кыз-келинди иш менен камсыз кылып...

- 2019-жылдан бери чакан ишкерлик менен алектенип, айылда бош кыз-келиндерди жумуш менен камсыздап келе жатам.

Жогоруда айтып кетпедимби, үйгө буйрутма алып келип жасачумун. Кийин айылдагы кыз-келиндер "бизге дагы үйрөт, иштейт элек" дегендер көбөйүп, 50дөй кыз-келиндерге үйрөттүм. Кийин ижарага швея машинасын алып, кыздарды иштетип жүрдүм. Үй тар болуп айыл өкмөттөн имарат маселесин чечип берүүнү сурангам. Алар жергиликтүү депуттардын бөлмөсүн беришти. Ал жерде беш-алты ай иштедик.

Андан соң айылда каралбай калган имаратты сурап анын ичин өз күчүм менен каражатыма оңдоо-түзөө иштерин жасадым. Колумдан келишинче оңдодум. 70-80 миңдей каражат кетти. Бул жерде 6 машина алып кирдик, үйлөрүндө иштегендер дагы болуп жатты. Жалпы 10 машина менен иштеп жүрдүк. Болжолдуу 20дай кыз тигүүчү, сувенир жасап иштеп жатышты. 1 айда 1500 сомдон (сувенир жасаганды жаңы үйрөнгөндөр) 8 миң сомго чейин маяна алып жатышты.

Имараттын оңдоп-түзөөдөн өткөнгө чейинки көрүнүшү.

Имарат ичи оңдоп-түзөөдөн кийин.

"Үмүт-тилектери таш каап"

- Түптө жаштарды колдоо окууларына барып долбоор жазып, 2021-жылы долбоорду утуп алгам. Документ иштерине келгенде бардык үмүт өчтү. Айыл өкмөттүн карамагында деген жер Кыргыз почтага тиешелүү болуп чыкты. Алар имаратты айыл өкмөттүн карамагына которо албай калышты. Ошентип имарат маселесинин айынан чакан цех ача турган долбоорду ала албай калдым. Имаратка кеткен каражатты ала албай же чакан цех ача албай ортодо калдым. Азыркы учурга чейин так жооп ала албай келем.

Кийин ишти токтотуп салдым. Айылыбызда жумуш орду жок болгондуктан, кайра иштегенге туура келип үйүмдөн иштеп келем. Азыркы убакка чейин келиндердин санын кайра азайтып батиримдин бир бөлмөсүндө иштеп жатам.

Мага окшош батирлеп жүрүп ишкерлик кылам деген карапайым келиндерге колдоо көрсөткөн бир инсан чыкпаганына ичиң күйөт. Айыл башчы, депутат аким, губернаторго да бир нече жолу кайрылып, эч жактан бир жыйынтык жок. Бийликтегилерге үнүм жетпей койду...

Алдыга койгон изги максаттар

- Өзүмдүн брендимди чыгаргым келет. Бардык аймактардагы кол өнөрчүлөрдү Ысык-Көлдүн жээгине чогултуп алып, тажрыйба алмашуу иш-чараларын уюштурсам. Айылымдагы жумушсуз кыз-келиндерди иш менен камсыз кылсам. Айылда келиндер иш менен камсыз болсо кайнене-келин ортосундагы келишпестиктер дагы азаймак. Үйгө 2-3 саат иштегени келген келиндер жумуш жасап жатып, баарлашып, көңүлдөрү көтөрүлүп кетишет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан