"Баласы атасынын унаасын айдагысы келгенин айткан". Тажик аскерлеринин огунан каза тапкан Мамасалы Каратаевдин уулуна унаа тапшырылды

Былтыр апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда тажик аскерлеринин огунан Мамасалы Каратаев каза тапкан. Бүгүн, 16-мартта маркумдун үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаровдун атынан унаа берилди. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Өлкө башчынын атынан берилген унааны Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев тапшырды.
Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, ар дайым мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар мындан ары да берилип, көзөмөлдө болорун айтып өттү.

"Чек ара окуясында курман болгон Мамасалы Каратаевдин унаасы талкаланган. Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган. Өлкө башчы маркумдун уулунун кайрылуусун угуп, анын үй-бүлөсүнө унаа тапшырды. Президентке маркумдун жакындары өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Каратаевдин үй-бүлөсү учурда чек ара окуясында каза болгон жарандар үчүн курулган Мадина шаарчасында жашайт. Маркумдун артында жубайы жана 6 баласы калган", - дешти өкүлчүлүктөн.

Эске салсак, 28-30-апрель күндөрү Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында куралдуу жаңжал болуп, анын кесепетинен 189 Кыргыз жараны жаракат алып, 36 жаран каза болгон. Алардын бири Мамасалы Каратаев болгон. Ал 29-апрелде октон жаракат алган жоокерди ооруканага алып бара жатканда тажик аскерлеринин кол салуусунан улам өзү да окко учкан.

Тажикстан тараптын кол салуусунан Баткен районунун айылдарында 78 үй, 2 мектеп, фельдшердик акушердик пункт, 3 чек ара заставасы, бала бакча, 10 май куюучу жай, ички иштер бөлүмүнүн имараты жана 8 дүкөн күйгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан