Өлкөдө солярканын 1 айдан ашык убакытка жете турган запасы бар. Бул тууралуу нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатовго байланышканыбызда билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү майга болгон баа долларга көз каранды.
"Өлкөнүн түштүк аймагында жер айдоо иштери кызуу жүрүүдө. 10-февралда башталган.
Солярканын 1 айдан ашык убакытка жете турган запасы бар. Күйүүчү майды Орусиядан алып келебиз. Ал жакта баалар көтөрүлсө, биз дагы бааны көтөрүүгө туура келет. Акыркы жумада солярканын баасы 30-40 тыйынга кымбаттады.
Ал эми бензиндин 2 жумага жете турган запасы бар. Алардын деле баасы бир аптада 50 тыйынга жогорулады.
Дыйкандар күйүүчү май менен камсыз болууда көйгөйлөр жаралбайт. Бирок доллардын курсу жогорулаган сайын баалар көтөрүлүп жатат", - деп билдирди Эшатов.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.