Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Чеченстандын атайын күчтөрү Мариуполдогу "Азовсталь" металлургиялык заводуна чабуул жасай турганын билдирди. Бул тууралуу Кадыров телеграм каналына жазды.
Анын айтымында, азыр "Азовсталь" металлургиялык заводунда украин улутчул топтору жашынып турат.
"Менин агам Адам Делимханов учурда улутчул топтордун согушкерлери отурукташкан "Азовсталь" металлургиялык заводуна Чеченстандын куралдуу күчтөрүнүн чабуул коюу планы менен таанышты", - деп жазды Кадыров өзүнүн телеграм каналында.
Ал Делимханов согушкерлерге системалуу түрдө жана мүмкүн болушунча өздүк курам үчүн заводдун аймагын тазалоо боюнча тапшырма бергендигин белгиледи.
Кадыров ошондой эле заводду бошотуу Украинага орду толгус стратегиялык зыян алып келерин кошумчалады. Анын айтымында, чечен согушкерлери берилген күжүрмөн тапшырмаларды эң кыска мөөнөттө аткарууга толук даяр.