Орусия Instagram'дын ордуна Rossgram'ды ишке киргизет

28-марттан тарта Rossgram'дын кадимки функционалдуулугу менен Instagram'дын орусиялык аналогу ишке киргизилет. Ал эми жөнөкөй колдонуучулар үчүн апрель айында кирүү ачылат. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

"2022-жылдын 28-мартында Instagram'дын орусиялык аналогу Android жана iOS үчүн мобилдик тиркемелери менен ишке кирет", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жөнөкөй колдонуучулар үчүн кирүү 2022-жылдын апрелинде ачылат.

Эске салсак, Орусия Meta компаниясы модерация эрежелерин убактылуу жумшартып, колдонуучуларга Орусияга каршы билдирүүлөрдү жарыялоого уруксат бергенден кийин Инстаграмга бөгөт коюу чечимин кабыл алган. Андан соң Орусиянын Башкы прокуратурасы Meta компаниясын экстремисттик уюм деп таанууну соттон өтүнгөн. Роскомнадзор Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Инстаграмды жабууну чечкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан