Соңку күндөрү өлкөдө доллардын курсу көтөрүлгөнүнө байланыштуу азык-түлүккө болгон баа да өсүп жатат.
Белгилүү болгондой, министрликке караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук кампасынан азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында 1 миллион килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы бөлүндү.
Министрликтин айтымында, 14-марттан баштап кумшекердин бир килограммы 70 сомдон, өсүмдүк майынын бир литри 130 сомдон сатылмак.
Буга байланыштуу базардын азык-түлүк бөлүгүндөгү сооданын жүрүшү менен таанышып, соодагерлер жана алармандар менен баарлашып келдик.
Сатуучулардын айтымында, соңку жумада базарда өсүмдүк майы, ун жана кумшекердин наркы дароо көтөрүлүп кеткен.
Маселен, 5 литр өсүмдүк майы бир апта мурда 650-700 сом болсо, азыр 750-800 сомдон сатылып жатат. Ал эми майдын литри 190 сомго чыккан. 1 килограммы 75-80 сомдон сатылган кумшекер 95 сомго чыкса, бир мүшөк ундун орточо баасы 2000 сомдон жогору.
“Картошка, сабиз, сарымсак туруктуу баада сатылып жатат. Ал эми пияздын 1 килограммы 35-40 сомго чыкты”, - деп билдиришти соодагерлер.
Базарда соода кылып жүргөндөрдүн бири Роза аттуу тургун төмөнкүлөргө токтолду.
“Карапайым элге эле кыйын болду. Алган айлыктары да аз. Доллар менен катар бардыгы кымбаттап жатат. Убакыттын өтүшү менен баары өз ордуна келет деген ишеничтемин. Башкысы дүйнөдө согуш болбосо эле болду, калганын көрө жатарбыз”, - деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.