Өлкөнүн аймактарына кумшекер менен өсүмдүк майы бөлүнүп, жеткирүү иштери башталды. Бул туурасында бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, министрликке караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук кампасынан азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында 1 миллион килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы бөлүндү.
Кампадан бөлүнгөн кумшекер жана өсүмдүк майы 16-мартта оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, жер-жерлерге жөнөтүлүп жатканын Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна караштуу борбордук кампасынын жетекчиси Бактыбек Тайкашкаев билдирди.
"Өлкөнүн түндүк, түштүк региондоруна фонддун борбордук кампасынан өсүмдүк майын жана кумшекерди таратуу иштери жүрүп жатат. Учурда Бишкек шаарына жана Жалал-Абад облусуна азыктар атайын жүк ташуучу унаалар менен жөнөтүлдү. Бул азыктар республиканын бардык аймактарына кезек-кезеги менен жөнөтүлөт", - деди Бактыбек Тайкашкаев.
Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан республиканын аймактарына жөнөтүлгөн кумшекер жана өсүмдүк майын жер-жерлердеги жергиликтүү администрация жетекчилери соода түйүндөрүн аныктап, тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт. Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Борбордук кампасында азыктардын кору жетиштүү көлөмдө.