Бишкек шаарында калкты каттоо учурунда 67 стационардык пункт ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилеп өтсөк, алдыдагы эл каттоо биринчи жолу электрондук маалыматтарды чогултуу ыкмаларын колдонуу менен өткөрүлөт.
Стационардык пункттар:
Биринчи Май районунда — 15
Ленин районунда — 20
Октябрь районунда — 11
Свердлов районунда — 21
25-марттан 3-апрелге чейин республикада, анын ичинде борбордо калкты жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт.
Эл каттоо тууралуу кенен маалымат шилтемеде.