Кыргыз өлкөсү бюджетти колдоо үчүн 160 миллион доллар насыя алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Телеграмдагы каналына жазды.
Ага ылайык, 160 миллион доллар насыя Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан алынып, ал бюджетти колдоо үчүн колдонулат.
Министрлер кабинети каражатты экономиканын бир катар секторлорун каржылоого жумшайт.
Кыргыз өлкөсү бул каражатты эки транш менен алат. Биринчисин 2022-жылы жана экинчисин 2023-жылы.