Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салынышы боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ал журналисттерге кабарлады.
"Конституцияга, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине таянып, Бишкектин Биринчи Май райондун аймагында, Орусиянын элчилигинин алдында, борбордук "Ала-Тоо" аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имараттарынын алдында бардык жарандарга тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча Бишкек шаары Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн чечими, аны күчүндө калтырган сот чечимдерин негизсиз жана бул чечимдерде көрсөтүлгөн жүйөлөргө өлчөмдөш эмес катары баалайт.
Ар бир адамдын тынч чогулуш эркиндик укугун чектөө - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык даректүү, негиздүү, айкын тынч чогулушка, уюштуруучуга, чыныгы коркунучка карата кабыл алынышы керек жана коопсуздукту камсыздоо максаттарга өлчөмдөш болууга милдеттүү.
Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн чечими, аны күчүндө калтырган сот чечимдери, жалпы жарандардын тынч чогулуштарга эркиндик укугун чектөө - жогоруда белгиленген эл аралык милдеттенмелерге, Баш мыйзамга карама-каршы келет. Эл аралык коомчулуктун алдында Кыргыз мамлекети адам укугун, эркиндиктерин чектеген мамлекет катары баалоого түрткү болот.
Бүгүнкү күнү элибиз менен бирге Аксы окуясынын 20 жылдыгын эскерүү менен, ал каргашалуу окуянын тарыхый сабагын эстен чыгарбоого чакырам. Аксы окуясы эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары киргендиги бардыгыбызга анык. Ошондуктан жарандардын тынч чогулуштарга эркиндик укугун сот же башка мамлекеттик органдар негизсиз чектесе, анын кесепети кандай болушу мүмкүн экенин Аксы окуясы көрсөткөнүн баса белгилегим келет", - деп айтылат билдирүүдө.