Нарында банк кызматкерлери 5 күн бою дайынсыз болуп жаткан. Изделип жаткандар байланышка чыгышты

Нарын облусунун Ат-Башы районунда банктын кызматкери иш боюнча өрөөнгө кетип дайынсыз болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, аны издөө өтүнүчү менен туугандары 4 күндөн кийин кайрылышкан.

Белгилүү болгондой, 11-мартта жергиликтүү банктын 28 жаштагы А. уулу А. аттуу кызматкери насыя берүү үчүн кардардын үй-шартын жана мүлкүн көрүүгө Ак-Сай өрөөнүнө барган. Аны менен кошо дагы 3 адам кетип кайра кайтып келген эмес. 15-март күнү куткаруучуларга кызматкердин туугандары кат менен кайрылып, издеп берүүнү суранган.

"16-март күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, Ак-Сай өрөөнүндө кар калың жаап (70 сантиметр) жол жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан "Көк-Аргын" заставасына жетип түнөккө калышты.

Изделип жаткан жарандар байланышка чыгып, Ак-Сай өрөөнүндөгү Культ-Центр тилкесинде жергиликтүү тургундун үйүндө жайгашканын, ал эми сарайдын ээси үйүндө калганын билдиришти. Учурда унаа жолду тазалоо иштерине техника каралууда", - дешти маалымат кызматынан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан