Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдында нааразычылык акциясы өтүүдө.
Нааразычылык акциясына эки адам, тагыраагы “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров чыккан. Алар колуна Украинанын желегин кармап, согушка каршы экенин билдиришти.
14-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Орусия элчилигинин жанында ар кандай митингдерди өткөрүүгө тыюу салган.