Долондо унаа жолго түшкөн кар көчкүнү тазалоого атайын техника жана адамдар тартылды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоого атайын техника жана адамдар тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-мартта саат 10:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-293-чакырым аралыгында (Долон ашуусу) кар көчкү түшкөн. Буга байланыштуу унаа жол жабылган.

Ал жерге Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 жүктөгүч жана 8 кызматкер тартылган.

Буга чейин SUPER.KG порталына окурмандар Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, тыгында турганын кабарлашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

Бишкек-Нарын жолуна кар көчкү түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан