Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган депутаттар Аксы окуясынын курмандыктарын эскеришти

Бүгүн, 17-мартта төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскерди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюшту.

Белгилей кетсек, 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун тургундары ошол учурдагы бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына каршы чыгып, нааразычылык билдиришкен. Натыйжада жергиликтүү элге ок атылып, алты адам каза болгон жана бир тобу жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан