Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2022-2023-жылдарга эки жылдык кызматташтык келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2022-жылдын 16-мартынан 19-мартына чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда иш сапары менен болуп, саламаттыкты сактоо жана миграция маселелери боюнча “Качкындардын жана мигранттардын ден соолугун коргоо концепциясын биргеликте түзүү” жыйынына катышат", - деп билдиришти аталган министрликтен.
Бул жолугушуунун алкагында 16-мартта министр ДССУнун Европалык аймактык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугушуп, анда тараптар 2022-2023-жылдарга Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ДССУнун Европа аймактык бюросунун ортосундагы эки жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту.