18-марттан 21-мартка чейин республиканын аймактарында абанын температурасы төмөндөйт

18-марттан 21-мартка чейин республиканын аймактарында абанын температурасы төмөндөйт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат. Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1… -6° суук, күндүз 0… +5° жылуу;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2… -7° суук, күндүз -2° сууктан … +3° жылуулукка чейин жетет;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетип, күндүзү +2… +7° жылуу;
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык кылуу аймактарында түнкүсүн -2… -7° суук, күндүз 0… +5° жылуу;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6… -11° суук, күндүз -2 сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет;
Тоо этектеринде түнкүсүн -5… -10°, күндүз 0… -5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18… -23°, күндүз -4… -9° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун денгээли көтөрүлүү коркунучу жогорулайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан