Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Кадамжай районунун Миң-Жылга аймагындагы тоодон койчу кой кайтарып жүрүп, сумка таап алган. Сумканын ичин ачканда ымыркайдын жансыз денеси чыккан. Учурда ымыркайдын сөөгү экспертизага берилип, бул боюнча тергөө иштери башталды", - деп билдиришти Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.