Эң көбү индиялыктар. Өлкөдөгү медициналык окуу жайларда 30 миңден ашуун чет элдик студент билим алат

2022-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык жогорку окуу жайларын 4386 адис бүтүрүп чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, учурда 23 жогорку окуу жай медициналык багыттарда адистерди даярдайт. Анын ичинен алтоо мамлекеттик, он жетиси мамлекеттик эмес окуу жайлар болуп саналат. Мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлардын үчөөнүн лицензиясы бар, бирок студенттери жок.

Мамлекеттик медициналык окуу жайлардын студенттеринин саны 23 миң 12, мамлекеттик эмес медициналык окуу жайлардын студенттеринин саны 16 миң 839.

Медициналык студенттердин жалпы санынын 77 пайызы же 31 миң 786 студент чет элдиктер, анын ичинен:

- Индиянын жарандары 14456;

- Казакстандын жарандары – 571;

- Пакистандын жарандары – 9725;

- Орусиянын жарандары – 668;

- Тажикстандын жарандары – 357;

- Өзбекстандын жарандары – 5174;

- башка жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары – 363;

- башка алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары 472.

Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 15 миң 308 чет өлкөлүк студент, мамлекеттик эмес медициналык ЖОЖдордо 16 миң 478 чет өлкөлүк студент билим алат.

2021-2022-окуу жылында медициналык адистиктер боюнча жалпысынан 39851 студент билим алса, анын ичинен 2708 гранттык негизде, 37 миң 143 келишимдик негизде окуп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылы медициналык ЖОЖдорду 4386 адис бүтүрөт, анын ичинен 351и бюджеттик негизде окугандар, 4035и келишимдик негизде окугандар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан