Ысык-Атада 3 миллион 870 миң сомдук 9 жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернационал айыл өкмөтү тарабынан 9 жер тилкеси жарандарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Прокуратура тарабынан 9 жер тилкеси боюнча берилген менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган", - деп жазылат билдирүүдө.

Айыл өкмөт башчысына келтирилген прокурордук талаптын негизинде 3 миллион 870 миң сомго бааланган 9 жер тилкеси Интернационал айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан