Абакта кармалып турган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангуловдун иши боюнча Түштүк Кореянын жараны да кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жамангуловдун үстүнөн АО BTMG аттуу компаниянын жетекчиси арыз менен кайрылган. Анда түштүк кореялык инвесторлордун ири суммадагы акчасын Жамангулов ыйгарып алганы айтылган.
Ошондой эле аталган иш боюнча шектүү катары Түштүк Корея жараны Ким Вонте аттуу адам дагы кармалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.