Өлкөдө окуучулардын жазгы каникулу 10 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, 21-марттан тарта мектеп окуучулары каникулга чыгып, 30-мартка чейин эс алышат. Тактап айтканда, 31-мартта сабак башталат.
Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталганына байланыштуу сабактар 8-июнда аяктайт.