Сириянын президенти Башар Асад Украинадагы согуш үчүн Орусияга 40 миң аскер жөнөтүүнү убада кылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Украинанын Коргоо министрлиги социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады.
Маалыматка ылайык, Украинанын Коргоо министрлиги Сириядан келген аскерлер согуштук аймактарда тартипти орнотуу боюнча иштерди гана аткара тургандыктары айтылганы менен чындыгында алар украин армиясына каршы согуштук аракеттерге түздөн-түз катышарын билдирди.
"15-мартта Украинага каршы согуштук аракеттерге катышуу үчүн Хмеймим аскердик базасынан 150 жалданма аскер келип түштү", - деп айтылат маалыматта.