Митингге чыккан укук коргоочулар Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдында укук коргоочулар нааразычылык акциясына чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен. Учурда укук коргоочулар Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ага "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" жана "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирген.

Нааразычылык акциясына чыккандар, тагыраагы “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров чыккан. Алар колуна Украинанын желегин кармап, согушка каршы экенин билдиришкен.

Эске салсак, 14-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Орусия элчилигинин жанында ар кандай митингдерди өткөрүүгө тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан