Кара-Кулжадагы тоодон 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Ал изделип жаткан

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айыл аймагында жайгашкан Шиштей-Дөн тоосунан 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, Чалма айыл аймагынын Буга айылынын 2013-жылы туулган Ш.М. аттуу жашоочусу 16-мартта үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
17-мартта дайынсыз жоголгон 9 жаштагы баланы издөө үчүн Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 65 адам тартылган.
Куткаруучулар тарабынан Чалма айыл аймагында жайгашкан Шиштей-Дөн тоосунун боорунан жогоруда аталган баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан