Парламенттин бүгүнкү жыйынында "Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын ѳткѳрүү жѳнүндѳ" Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды.
Токтом долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков.
Эл өкүлүнүн айтымында, акциянын алкагында 1 жылда 1 миллионго чукул көчөт отургузулат.
"Акциянын максаты - өлкөнүн шаарларын, калктуу конуштардын экологиялык абалын жакшыртуу. Бакубатчылык деңгээлин жогорулатуу.
Акция 3 айга, тагыраагы 1-февралдан 30-апрелге чейин жүргүзүлөт. Экинчиден жергиликтүү бийликти, акимдерди акцияга тартуу үчүн алардын ишин баалоодогу критерий катары отургузган көчөттөрдүн саны, талаптагыдай кароону киргизип жатабыз. Ар бир айылда сейил бак уюштуруу.
Айыл, райондор арасында "жашыл шаар, айыл" сыяктуу сынактарды уюштурууну токтомго киргизип жатабыз", - деди эл өкүлү.
Буга чейин депутат "Жашыл Кыргызстан" демилгесин көтөрүп, анын алкагында жаз мезгилинде сапаттуу көчөттөрдү отургузуп калуу зарылдыгын билдирген.