Путин менен Зеленський жакынкы апталарда жолугушу мүмкүн

Владимир Путин менен Володимир Зеленськийдин жолугушуусу жакынкы апталарда болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Володимир Зеленськийдин жолугушуусу келишим жыйынтыкталгандан кийин, балким, жакынкы апталарда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк билдирген.
"Келишим боюнча иштер бүтөрү менен биз жолугушууну уюштурууга киришебиз", - деп билдирген ал жергиликтүү гезиттерге билдирген маектеринин биринде. Ошондой эле ал бул жолугушуу жакынкы күндөрү болорун билдирген.
Подоляк жолугушуунун орду маанилүү эмес экенин баса белгиледи. Анын айтымында, жайгашкан жер Орусиядан башка каалаган жерде болушу мүмкүн экенин айткан.
Журналисттин эки өлкөнүн лидерлери кол алышып учурашабы деген суроосуна бул маселе аларды эң аз тынчсыздандырарын айтты.
"Тынчтык келишиминин пайдубалы түптөлгөндөн кийин президенттердин жолугушуусунда жүрүм-турумдун ылайыктуу модели жөнүндө ойлонобуз. Кол алышып учурашуу биздин эң кичине түйшүк", - деп билдирген Подоляк.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан