Акылбек Жапаров Кербен аэропортун кайрадан ишке киргизүү боюнча иштерди жандандырууну тапшырды

Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бир катар инфраструктуралык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.

Мекемеден билдиришкендей, ал Аксы районундагы Ак-Терек каналындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объекттин курулушун аяктоо 2026-жылга белгиленген. Акылбек Жапаров долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Жапаров Кербен шаарындагы 9 чакырымга созулган айланма жолдун курулушу менен таанышты. Бул жолдун курулушу жыйынтыкталса, жарандар жана оор жүк ташуучу унаалардын каттоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Курулуштун жалпы сметалык наркы 178 миллион сомду түзөт.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Кербен аэропортунун абалы менен таанышып, аталган объектти ушул жылы ишке киргизүү боюнча иштерди кайрадан жандандырууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан