Японияда сакура дарагы гүлдөдү

Япониянын түштүк-батышында сакура дарагы гүлүн ачты. Бул тууралуу Япониянын улуттук метеорологиялык башкармалыгына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Япониянын символу болгон биринчи сакура гүлдөрү 11-мартта гүлдөп баштаган. Метеорологдор Токиодо Сакура дарагы 21-мартта гүлдөп, сезондун туу чокусу 29-мартта болорун болжолдошууда.
2020 жана 2021-жылдары коронавирустук пандемиядан улам жергиликтүү тургундар Сакуранын гүлдөрүнөн ырахат ала албай калышкан. Жергиликтүү бийлик инфекциялардын алдын алуу үчүн пикниктерге чыгууга тыюу салган. Мындай жоболор быйыл да улантылышы мүмкүн деп күтүлүүдө.
Эске салсак, өткөн жылы Сакура дарагы эрте гүлдөгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан