Бишкекте митингге чыккан укук коргоочулардын соту жылдырылды

Бишкекте Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдына митингге чыкканы үчүн милиция кармап кеткен укук коргоочулардын соту жылдырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасуловага байланышканыбызда билдирди.

Анын айтымында, иш Биринчи Май райондук сотунда каралат.

"Ар бирибизге 2 берене боюнча иш материалдары чогултулган. Алар менен тааныша элекпиз. Үчөөбүздү 3 башка сот карай турган болду. Менин ишим 22-мартта каралат. Динара Ошурахунованын иши 18-мартта, ал эми Өндүрүш Токтонасыровдун иши 22-мартта каралат", - деп билдирди ал.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ага "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" жана "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирген.

Нааразычылык акциясына чыккандар, тагыраагы “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров чыккан. Алар колуна Украинанын желегин кармап, согушка каршы экенин билдиришкен.

Эске салсак, 14-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Орусия элчилигинин жанында ар кандай митингдерди өткөрүүгө тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан