18-мартта Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:
Талас облусунун Бакай-Ата, Ак-Дөбө, Миң-Булак, Кызыл-Адыр, Сары-Булак, Талас айылдарында жана Талас шаарында саат 9:00дөн 18:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт.
Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук, Москва, Панфилов, Жайыл райондорунда, Кант, Токмок, Кемин шаарларында электр жарыгы убактылуу берилбейт.
"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.