Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуу учурунда кыргыз-герман кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Дүйнөдөгү саясий жана экономикалык абал жөнүндө, анын ичинде Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын кесепеттери тууралуу ой-пикир алмашуу болду.
Элчи Текебаев азыркы тапта эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык кызматташтык потенциалы толугу менен колдонулбай келерин жана даремети чоң экенин баса белгиледи. Германия экономикасынын өкүлүнө Кыргыз өлкөсү өз ара пайдалуу долбоор тууралуу айтып, аларды чогуу ишке ашырууга чакырды.
Андан тышкары, Кыргыз мамлекети менен Германиянын ишкерлеринин түздөн-түз байланышын арттыруу максатында 2022-жылдын май айында Бишкекте өтө турган кыргыз-герман бизнес форумун өткөрүү тууралуу жана кыргыз-герман Ишкерлер кеңешин түзүү маселеси талкууланды.
Маалымат үчүн:
Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети Германиянын 350дөн ашык орто жана ири компанияларын камтыйт жана 29 мамлекетте, анын ичинде КМШ жана Борбор Азия мамлекеттери менен иш алып барат.