Украинанын президенти Володимир Зеленський менен украин элин "Нобель" сыйлыгына көрсөтүү маселеси каралды. Чет элдик маалымат каражаттарында айтылгандай, мындай демилгени европалык саясатчылар тобу көтөрүп чыгышты.
Маалыматта украин лидерин сыйлыкка европалык саясатчылар, анын ичинде европалык мамлекеттердин мурдагы жана азыркы министрлери, ошондой эле депутаттар тобу көрсөткөнү кабарланат.
Алар катында комитеттен "Нобель" тынчтык сыйлыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтүн 2022-жылдын 31-мартына чейин узартууну суранышкан. Анткени сыйлыкка көрсөтүү боюнча арыздарды кабыл алуунун мөөнөтү аяктап калган.
"Тарыхый окуяларды эске алып, биз эл аралык сыйлыктын комитетин 2022-жылдагы "Нобель" тынчтык сыйлыгына көрсөтүү процессин кайра ачууга жана карап чыгууга чакырабыз. Биз бул процедураны бузуу экенин түшүнөбүз. Бирок биз Украинадагы абалды актуалдуу деп эсептейбиз. Орусия ачкан согуштан аман калган украин элинин эрдигине биз күбөбүз. Украинанын президенти Володимир Зеленськийден баштап карапайым адамга чейин демократияны жана көз карандысыздыкты сактоо үчүн күрөшүп жатышат", - дешкен кол койгондор.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.