"Кайрат" клубунун ээси". Камакка алынган Назарбаевдин кудасы олигарх Кайрат Боранбаев тууралуу эмне белгилүү?

Кечээ, 17-мартта Казакстандын Финансылык мониторинг боюнча агенттиги олигарх Кайрат Боранбаев кармалганын кабарлады. Ал “мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканада ири суммадагы каражатты уурдоого” айыпталып жатканы айтылды.

Ошол эле күнү сот аны эки айга камакка алды. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу башка маалыматтар жарыяланган эмес.

55 жаштагы олигарх Боранбаев Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы. Анын кызы Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Боранбаевдин эки небереси Казакстандын биринчи президентинин чөбөрөлөрү.

Мындан тышкары Боранбаев Казакстанда, Беларуста жана Орусиядагы McDonald's тармактарынын ээси;

Казакстандагы белгилүү "Кайрат" футболдук клубунун ээси;

Sputnik V вакциналарын чыгаруучу Караганды фармацевтикалык комбинатынын тең укуктуу ээси;

Казакстандын Улуттук паралимпиада комитетинин президенти. Эмгек жолун облустук спорт мектебинде машыктыруучу болуп баштаган, учурда Казакстандын эң бай 15 адамынын катарына кирет;

КазТрансГаз жана КазРосГазда жетекчилик кызматтарда иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан