Кочкор районундагы мугалимдин өз үйүндө асынып алган окуясы көпчүлүктүн жүрөгүн зырп эттирди. Мугалим кордолуп жаткан акыркы окуялардын эң кейиштүүсү болду окшойт. Анткени Кочкор районунун Ак-Чий айылынын Ак-Чий орто мектебинин башталгыч классынын мугалими 54 жаштагы Гүлзадат Чодонова дипломуна байланыштуу райондук прокуратурага суракка чакырылып жүргөн. Маркум мугалим экинчи жолу суракка чакырылганда 9-март күнү үйүнүн сарайында асынып каза болгон. Биз Кочкор районунун Ак-Чий айылына барып окуянын чоо-жайын териштирдик.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №1006 санынан окуй аласыз.