Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
"Нурбек агайыбыздын эмгегин баса белгилеп айткым келет. Мен үчүн спортчу катары тарбия берип, ошол эле учурда адам болууга бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн билимин берип келет. Мен үчүн кыйын учурлар болгон. Ал кезде өз үйүнөн бөлмө берген болчу. Азыр болсо агайга Бишкектен батирдин ачкычын берейин деп турам" деген ал.
Бүгүн КТРКнын залында "Нурбек агай" аттуу тасманын бет ачары болду.