
Украинанын президенти
Володимир Зеленський Евробиримдик Украинаны мүчөлүккө алуу боюнча чечимди бир нече айдын ичинде чыгарарын айтты. Бул тууралуу ал Еврокомиссиянын (ЕК) башчысы
Урсула фон дер Ляйен менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Зеленськийдин айтымында, Евробиримдик Украинаны мүчөлүккө киргизүү маселесин бир нече айдын ичинде чечет.
"Мен Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен олуттуу сүйлөштүм. Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгүнө кирүү арызы боюнча Еврокомиссиянын корутундусу бир нече айдын ичинде даярдалат", - деп билдирген Зеленський.