Баткендеги Исфана шаарынын аталышы Раззаков шаары болуп өзгөрдү

Президент Садыр Жапаров “Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мыйзамдын максаты - көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүк калтыруу. Улуттук идеологияны чыңдоо, улуттук, тарыхый салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адептик тарбиялоону андан ары өркүндөтүүгө багыттоо болуп саналат.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-мартында кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан