Ош шаарына мамлекеттик кампадан бөлүнгөн кумшекер, май келип түштү. Сатылуучу даректери

Бүгүн, 18-мартта Ош шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн май жана кумшекер келип түштү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, жүктөрдү Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев тосуп алды. Жалпысынан 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы алынган.
Бул азык-түлүктөр "Акниет" соода түйүндөрү аркылуу белгиленген баада: кумшекер килограммы 70 сомдон, күн карама майынын литри 130 сомдон сатылат.
Сатылуучу даректер:
  • Кулатов кичи району 16б
  • Анар кичи району, Абдыкадыров көчөсү 205а
  • Курманжан датка көчөсү 226 (болжол: шаардык оорукана)
  • Абакир уулу Төрөбек көчөсү 40в (Юго-Восток)
  • И.Раззаков көчөсү 56 (Ош району)
  • У.Салиева көчөсү 40а (ХБК)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан