Орусия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысы Максим Решетников Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр улуттук валюталар менен эсептешүүгө этап-этабы менен өтүү боюнча макулдашканын билдирди. Бул тууралу орус басылмалары жазып чыгышты.
Максим Решетниковдун айтымында, бул тема Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынында талкууланган.