
Бишкек шаарындагы калктуу пункттарда, ири «Фрунзе», «Глобус» жана башка ири маркеттердин жоктугуна байланыштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан бөлүнгөн товарларды жер-жерлерде чакан дүкөндөрдө сатуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фонддун эсебинен Бишкек шаарына 200 тонна кумшекер жана 80 тонна суу май бөлүнгөн.
Соода түйүндөрүндө кумшекер 1 килограммы 70 сомдон, суу май 1 литри 130 сомдон сатылат.
Даректери: