Финляндия бешинчи жолу дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө аталды. Мындай маалымат Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) «2022-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк бакыт» баяндамасында берилет.
Маалыматта рейтингде Финляндия башка мамлекеттерден бир нече упай айырма менен алдыда экени жазылат. Ошондой эле алдынкы ондукка Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Люксембург, Израиль, Швеция, Жаңы Зеландия, Норвегия да кирген.
Рейтингде Орусия 80-орунда, Украина 98-орунда, Беларусь 65-орунда, ал эми Кыргыз өлкөсү 64-орунда болсо, Тажикстан 83-орун, Өзбекстан 53-орун, Казакстан 40-орунга жайгашкан.
Изилдөө 146 өлкөгө жүргүзүлгөн.
Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөнү аныктоодо калктын социалдык, экономикалык абалы, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагы, калктын жумуш менен канча пайызы камсыздалгандыгы, өмүрдүн узактыгы, кылмыштуулуктун аздыгы боюнча бааланат. Аталган өлкөдө саламаттыкты сактоо, билим берүү, экономикалык туруктуулук, жарандардын укугу жогорку деңгээлде көзөмөлдөнүп турат. Дал ушул критерийлерге Финляндия толук кандуу жооп берип, бешинчи ирет дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө аталды.