
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кочкор тарабына түшкөн кар көчкүнүн болжолдуу 48 000 метр куб кар көчкүсү тазаланып, бир тараптуу унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, учурда унаа жолду кеңейтүү иштери аткарылууда.
Кар көчкүнү тазалоо иштерине 12 жүктөгүч, 1 кар түртүүчү унаа, 3 эксковатор тартылып, кошумча облустук суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер жеткирилди.
Жеринде Нарын облустук жана райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыктарынын башчылары жетектеген 25 куткаруучудан турган ыкчам топ жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте иш алып барууда.
Ал эми Кочкор районунун Сары-Булак айылында жана Нарын районунун Оттук айылында жылытуу пунктары уюштурулуп, турак жайларга жаткырылган жарандарга, иштеп жаткан кызматкерлерге, унаа каттамындагы топтолгон жүргүнчүлөргө жалпысынан 217 жаранга айыл аймагындагы жергиликтүү администрация жана Кызыл жарым ай коому тарабынан ысык тамак уюштурулуп берилүүдө. Ал эми жылытуу пунктарына жалпы 98 жаран жайгаштырылды.
ӨКМ жарандарды жаап жаткан жамгырга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу зарылчылык жок болсо, алыскы жолго чыгуудан баш тартууга чакырат.