Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кубанычбеков мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарган. Ошондой эле кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды моюнуна алган. Буга байланыштуу анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.
17-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалган. Биринчи Май райондук соту Кубанычбековду 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарган.