"Таптаза мөлтүр суудай агып келгенсиң,
Космоско Байконурдан багыт бергенсиң,
Мунайың элге сатып байып келгенсиң", -
деп кыргыз акыны Кубат Тукешов айткандай, коңшулаш Казакстан мамлекети жер астынан чыккан нефти байлыгы менен өнүгүүгө бет алып, КМШ өлкөлөрү арасында бир кыйла алдыга озуп чыкканы ырас. Аталган өлкө экономиканын эң негизги көрсөткүчү болгон ички дүң продукциясынын жан башына тийген үлүшү боюнча 2021-жылдагы рейтингде КМШда Орусиядан кийинки эле 2-орунга жайгашкан.
Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында Казакстандын учурдагы өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...
Касым-Жоомарт Токаев
Белгилүү жазуучунун уулу
Касым-Жоомарт Токаев 1953-жылы 17-майда Казакстандын Алматы шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң улуусу. Өзүнөн кичүү Карлыга жана Карлыгаш аттуу эки карындашы бар. Атасы Кемел Токаев белгилүү жазуучу, казак адабиятындагы детектив жанрынын баштоочуларынын бири болгон. Өз учурунда журналистика тармагында да көп жыл эмгектенген. Апасы Турар Шабарбаева мугалим. Алматы педагогикалык институтунда чет тилдер бөлүмүндө сабак берген. Мына ушундай билимдүү үй-бүлө Касым-Жоомарт Токаевдин мектепти аяктагандан баштап мамлекет башчысы болгонго чейинки жетишкен бардык ийгиликтеринин себепчиси болгон десек болот.
Касым-Жоомарт Токаев төрөлгөндө алгач атасынын фронтто курман болгон бир тууган агасы Касымдын ысымын алган. Ал эми Жоомарт деген ысымды ага берешен, колу ачык адам болсун деген тилек менен апасы ыйгарган.
Атасы Кемел Токаев, апасы Турар Шабарбаева
Атасы Кемел Токаевдин балалыгы Кыргыз өлкөсүндө өткөн
Касым-Жоомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин балалыгы мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында өткөн. Бул тууралуу өлкө башчысы өзүнүн "Атам тууралуу эки сөз" аттуу китебинде кеңири баяндаган. Анда айтылгандай, 1930-жылы Казакстандагы ачарчылыктын кесепетинен чоң атасы Тока жубайы менен үч баласын алып, туулган жерге жакын деп Фрунзеге көчүп келген. Алар мында Яков аттуу орус дыйканга жалданып, ар кандай талаа жумуштарында иштеп калган. "Ачкачылык артта калып, бактылуулук келгендей туюлганы менен анык кайгы алдыда күтүп турганын анда чоң атамдар билген эмес экен" деп жазган Касым-Жоомарт Токаев китебинде.
Ошентип арадан эки жыл өтпөй Токанын жубайы (Касым-Жоомарт Токаевдин чоң энеси) оор жумуштун кесепетинен шал оорусуна чалдыгып, кыймыл-аракеттен ажыраган. Бул нерсе араң жан багып жүргөн үй-бүлөгө оор сокку болгон. Бирок тагдырдын сыноолору муну менен эле бүткөн эмес. 1933-жылдагы күндөрдүн биринде Кемел улуу агасы Касым экөө талаага жумушка кеткенде үч жаштагы карындашы ойноп жатып, күйүп турган очокко түшүп кеткен. Ал убакта атасы үйдө эмес эле. Колу-бутун кыймылга келтире албаган апасы кызына эч жардам бере албай, айласы түгөнүп, кичинекей кызы көз алдында күйүп кете берген. Көп өтпөй ал да кызынын кайгысына чыдабай каза тапкан. Ал эми үстү-үстүнө келген сыноолор кыйла мүңкүрөтүп жиберген атасы Тока бир күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Үй-бүлөдө жалгыз калган Кемел менен агасы Касымды милиция кызматкери байкап калып, Фрунзедеги балдар үйүнө өткөрүп берген.
Бир туугандар балдар үйүндө бир жылдай калып, андан соң Шымкенттеги интернатка которулган. 1942-жылы агасы Касым Улуу Ата Мекендик согушка кетип, ошол жакта курман болгон. Ал эми атасы Кемел 18 жашында кайрадан Фрунзеге келип, Орто Азиядан топтолгон миңдеген бала менен чогуу согушка даярдоочу аскердик-окуу жайда машыгуу өткөргөн. Андан соң согушка аттанып, бактыга жараша, аман-эсен кайтып келген. Кийин жогорку окуу жайда филология бөлүмүн аяктап, журналистика тармагына эмгегин арнаган.
Токаев китебинде "Атам дайыма Бишкекке барып, бала кезде жашаган үйүн тапкысы келерин айта берчү. Бирок шашылыш иштерден улам ар дайым сапары кийинкиге калтырыла берип, эч бара алган жок" деп жазган.
Кемел Токаевдин чыгармалары
Француз тилинде билим алган
Касым Алматыдагы №25 мектеп-гимназиясында окуган. Аталган гимназия ал убакта бүткүл Казакстан боюнча француз тилинде билим берген жалгыз окуу жай эле. Окуучулук кезинен эле чет тилдерин үйрөнүүгө шыктуу келген мамлекет башчысы учурда 5 тилде: казак, орус, француз, англис жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт. Алматыдагы гимназияны аяктаган соң бүткүл СССРдин аймагында эң беделдүү делген Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтуна тапшырган. Жогорку окуу жайда да эң алдынкы студенттердин бири болгон. Мындан улам 1975-жылы 5-курста окуп жүргөндө эле Советтер союзунун Кытайдагы элчилигине тажрыйба топтоо үчүн жөнөтүлгөн. Андан кийинки жылдарда Кытай өлкөсү Касым-Жоомарт Токаевдин экинчи үйүнө айланган. 10 жылга жакын убакытта ал Пекиндеги бир катар жогорку окуу жайларда жана ар түрдүү дипломатиялык кызматтарда иштеп, тажрыйба топтогон.
Олимпиадада жеңишке жетишкенде. Касым-Жоомарт Токаев сол жактагысы.
СССРдин Кытайдагы элчилигинде иштеген
Касым-Жоомарт Токаевдин саясий чөйрөдөгү карьерасы 1984-жылы 31 жашында СССРдин Тышкы иштер министрлигинде иштөөдөн башталган. Кийин 1985-1991-жылдар аралыгында Советтер союзунун Кытайдагы элчилигинде катчылык жана кеңешчилик кызматтарда эмгектенген. 1991-жылы СССР тарап, Казакстан эгемендүүлүк алганда ата мекенге кайтып келип, өлкөнүн тышкы иштер министри Тулеутай Сулейменовдун орун басары болуп иштеп калат. 1994-жылы Сулейменов Казакстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалганда, Токаев орун басарлыктан министрлик кызматка көтөрүлгөн.
Касым-Жоомарт Токаев Тышкы иштер министрлигин эгемендүү Казакстан дүйнө өлкөлөрү менен жаңыдан мамиле куруп баштаган жылдарда жетектеген. Ал мамлекеттик чек араны тактоо иштерине байланышкан сүйлөшүүлөргө активдүү катышып, көптөгөн маанилүү чечимдерди кабыл алган. Ошондой эле Казакстандын дүйнө коомчулугунан ордун табуусуна көп күч жумшаган саясатчылардын бири болуп саналат.
2000-2013-жылдарда
Касым-Жоомарт Токаев эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери эле өлкөдөгү эң маанилүү саясатчылардын катарын толуктап келет. Ал президент болгонго чейин мамлекеттик башкаруунун ар кыл тармагында өзүн сынап көргөн. Маселен 1999-жылы март айында премьер-министрдин орун басары, ошол эле жылы октябрда өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалган. Бул кызматта 3 жыл иштеген соң 2002-жылы мамлекеттик катчы кызматын аркалаган. 2003-2007-жылдары кайрадан тышкы иштер министри болуп иш алып барган. 2007-жылы парламенттин төрагасы болуп дайындалган. Бир жылдан кийин төрагалык менен бирге Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын вице-президенти болуп шайланган.
Токаев Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп иштеген КМШдагы жалгыз адам. Ал 2008-2013-жылдар аралыгында БУУнун Женевадагы кеңсесинин башкы директору болуп эмгектенген.
Президенттик милдет
2013-жылы 16-октябрда Касым-Жоомарт Токаев кайрадан өлкө парламентинин төрагасы болуп шайланган. Бул орунда өлкө башчылык кызматка келгенге чейин иштеген. 2019-жылы Казакстанды 28 жылдан бери башкарып келе жаткан президент Нурсултан Назарбаев кызматын тапшыргандан кийин убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болуп турган. Көп өтпөй мөөнөтүнөн мурда белгиленген президенттик шайлоодо 70,96 пайыз добушу менен жеңип чыгып, өлкө башчылык кызматына киришкен.
Анын президент болгондон кийинки эң алгачкы жарлыктарынын бири борбор шаар Астананы экс-президенттин урматына Нур-Султан деп өзгөртүү чечими болгон. Бул демилге депутаттар тарабынан колдоо таап, 1998-жылы Астана аталган калаа Нур-Султан шаары болуп өзгөртүлгөн.
Атасынан калган өнөрдү аркалап...
Өлкө башчысы атасынан өткөн талант менен жазуучулук өнөрдү да аркалап, ар кандай темадагы китептерди жазып келет. Бирок атасынан айырмаланып детектив эмес, эскерүүлөрдөн турган чыгармаларды (мемуар) жана саясий эмгектерди жаратат. Анын эң алгачкы "Жеңиш" аттуу китеби 2004-жылы жарыкка чыккан.
Мындан тышкары дени сак жашоо үчүн спорт менен да машыгат. Өлкө башчысынын бала кезинен кызыккан спорту стол тенниси. Ал 13 жылдай стол тенниси боюнча федерацияны да жетектеген жайы бар.
Үй-бүлөсү
Казак ажосу орус улутундагы Надежда Давыдовна аттуу айымга үйлөнгөн. Ал өз учурунда кайрымдуулук иштери менен активдүү алектенип жүргөн биринчи айым катары таанымал. Бирок бир катар басылмаларда жарыяланган маалыматтарга караганда, президент жубайы экөө ажырашып, эки башка жолго түшүшкөн. Ал эми жубайлардын 1984-жылы туулган Тимур аттуу уулу бар. Ал Швейцариядан билим алган. Учурда Казакстанда нефти тармагында ишкердик менен алектенет.